Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бийликтин «Биримдик» партиясын баштап чыккан Улукбек Кочкоров SUPER TV каналына келип, «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берди.
Учурдагы абал боюнча ал мындай дейт: «Эл ушунчалык кыйналды, андыктан эмне болсо да өзгөрүү болсунчу деп турат. Сунушталып жаткан Конституциялык долбоор боюнча айтсам, эбегейсиз чоң укуктар, эбегейсиз чоң жоопкерчилик. Мындай укуктарды алгандан кийин элдин эңсеген мүдөөсү ишке ашпай турган болсо мурдагыдай эл көпкө күтпөйт, бир жыл, эки жыл да күтпөйт. Эгерде ушундай Конституция өтүп кетчү болсо, анан 6 айда өзгөрүү болбосо кайрадан төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн».
Маекти толугу менен шилтемеден көрө аласыз.