Улукбек Марипов: «Айыл чарба тармагына күчтүү жетекчи келет»

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралды.

Депутат Бейшеналы Нурдинов«Айыл чарба тармагын күчтөндүрө турганыңызды айтып жатасыз. Ал тармакка сиздей болгон күчтүү 20-30 жыл иштеген киши барышы керек»,— деди.

Улукбек Марипов ал жакка андан да күчтүү жетекчи бара турганын белгиледи.

«Ал жакка менден да күчтүү кадр келе жатат. Ал боюнча бүгүн же эртең билесиздер»,— деди Марипов.

Учурда айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигин Тилек Токтогазиев жетектеп жатат.