Улукбек Марипов: «5 миң 600 сомго бир ай жашаса болот»

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке сунушталып жаткан Мариповдун талапкерлигин карап жатышат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев Мариповго 5 миң 600 сомго бир ай жашаса болобу? деген суроо узатты.

Марипов бир аз кыйын болгону менен, бул суммадагы каражатка жашоого болоорун айтты.

«Ооба, сиздин сурооңузду түшүнүп жатам. Сиз керектөө куржуну жана жашоо наркы жөнүндө айтып жатасыз»,— деди талапкер.

Бекешев: Эмне үчүн өкмөттүн токтомунда мынча аз сумма белгиленген?

Улукбек Марипов: Бул үмүтсүздүк, маселени карайбыз.