Улукбек Марипов аны сындап жаткан депутаттарды Министрлер кабинетинде иштөөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аны сындаган депутаттарды Министрлер кабинетинде иштөөгө чакырды. Ал мындай сунушун бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Алгач депутат Умбеталы Кыдыралиевди өкмөткө чакырды. «Биз менен иштөөгө келиңиз. Биз сиз үчүн кайсы тармак болбосун беребиз», — деди Марипов. Буга депутат позитивдүү жооп берген жок, бир кыйла активдүү иштөөгө чакырды.

Андан кийин депутат Бактыбек Райымкуловго кызмат ордун сунуштады. «Эми мен сиз үчүн өз ордумду берейин. Биргелешип президентке барабыз”, — деп Министрлер кабинетинин башчысы эл өкүлүнө кайрылды. «Эгерде иштей албасаңыз, анда кетиңиз. Алгач отставкага кетиңиз”, — деп жооп берди депутат.