Улукбек Марипов: «Банан жебей, алма жегиле»

«Ата-Мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. Банан жебей, алма жегиле”,- дейт премьер-министр Улукбек Марипов. Ал мындай кеңешин бүгүн Бишкекте уюштурулган азык-түлүк жарманкесине барып, баалар менен танышуу учурунда айтты.

“Мен негизи айтып келем, биз Кыргызстанда төрөлдүк да, кайсыл жерде төрөлсөң, ошол жердин продуктусун жеш керек. Мисалы көпчүлүк тойго барганда дасторконго коюлган бананды жегенди жакшы көрөт. А банан Кыргызстанда өспөйт. Анын ордуна Кыргызстанда өскөн башка жемишти жесе болот да, мисалы алма бар дегендей”,- деди өкмөт башчы.