Улукбек Марипов: «Биз Кытай менен чек араны биринчилерден болуп жапканбыз, дагы деле болсо ача албай жатабыз»

Кыргызстан Кытай менен болгон чек араны биринчилерден болуп жапты, дагы деле болсо ача албай жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мариповдун айтымында, быйыл пессимисттик божомолдор боюнча экономиканын өсүшү 3,2 пайыз деңгээлинде белгиленди. «Бардык ишканалар жабылды, чек ара жабылды, алар эч нерсе дей электе биринчи болуп Кытай менен чек араны жапканбыз, ошондуктан дагы деле ача албай жатабыз. Демек, биздин максат Кытай тарапты ачуу, ошондо гана соода агымы көбөйөт”, — деди ал.

Ошондой эле, ал Токтогул ГЭСиндеги 4-агрегат үчүн жабдыктар «Хоргос» жана «Эркечтам» аркылуу жеткирилип жаткандыгын кошумчалады. 

Мариповдун айтымында, Кыргызстандын продукциясында транзиттик көйгөй бар. «Бул маселе боюнча Казакстандын премьер-министри менен Орусияга кетип, Кыргызстанга кирген товарлар боюнча эки жолу сүйлөшүү болгон, бир катар кыйынчылыктар келип чыгууда, кесепеттери белгилүү», — деди төрага.