Улукбек Марипов: «Премьер-министрликке барууга даярмын»

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.

Ага Калдарбек Баймуратов «бул кызматка өз эркиңиз менен баратасызбы?» деп сурады.

«Бул Кудайдын буйругу экен. Сунушту кабыл алдым. Сиздер колдоп берсеңиздер барабыз. Бул кызматка барганга даярмын деп эсептейм”, — деди Марипов.