Улукбек Марипов: «Бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнөлүк тренддердин бири болуп саналат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

«Санариптештирүү — бул глобалдык процесс, жаңы доор. Бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнөлүк тренддердин бири болуп саналат, ал эми жаңы санариптик технологияларды ишке киргизүү тажрыйбасы күн сайын күч алууда. Заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маанилүү жана актуалдуу процесс болуп жаткандыгын жалпыбыз түшүнүп турабыз», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекеттин негизги максаты – жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен элге кызмат кылуу. Улукбек Марипов каралып жаткан документте мамлекеттин күч-аракетин активдештирүү зарыл эсептелген негизги артыкчылыктар так белгилениши тийиш экендигин белгиледи.