Улукбек Марипов Кашка-Суу айылынын мектеп окуучуларына сабак өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

«Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдарыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жаткандыгыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы 11-класс үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Тынчтык сабагын» өттү.