Улукбек Марипов: «Эгер маселе менде болсо, кызматтан азыр кетүүгө даярмын»

Эгер маселе менде болсо, кызматтан азыр кетүүгө даярмын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов комитет жыйынында билдирди.

«Мен деле бир жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болуп жатат. Биз уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат маселени чечиш. Президентибиз «Кумтөрдөн» баштап, бардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылуудабыз. Мен азыр иштен кеткенге даярмын. Менин максатым — биз кеткенден кийин артыбызда көрүнүктүү бир иш калса… Эгер менде эле маселе болуп жатса, анда чечим чыгаргыла. Эмоцияга алдырсам кечирип коюңуздар. Ошол эле учурда жоопкерчилик алууга даярмын. Мен кызматка ошол үчүн келгем. Мага туура асылып жатасыңар. Күнөө бизде», — деди ал.