Улукбек Марипов жарандардын адеп-ахлагын өнүктүрүү боюнча концепция даярдатууда

Премьер-министр Улукбек Марипов «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ 30-мартка чейин ишмердигин жүргүзүп, иштелип чыккан «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны өкмөткө тапшырышы керек.

Ал эми аталган жумушчу топ президент Садыр Жапаров 29-январда кол койгон «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыктын негизинде түзүлгөн. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жетектейт. Ал эми түзүмүнө өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлары, Билим берүү жана илим министринин орун басары, өкмөттүн бардык облустагы өкүлдөрү жана КТРКнын жана ЭлТРдин башкы директорлору кирери айтылууда.