Улукбек Марипов КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана Беларустун президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын президенти  Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны алдында өткөн. Беларустун президенти Александр Лукашенко белгилегендей, өкмөт башчылар орун алган маселелерди тыкыр талдоого алып, КМШ ичинде толук кандуу интеграциялашууга зарыл болгон такталган чечимдерди кабыл алуусу тийиш.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны катышуу үчүн Минск шаарында барганы маалымдалган.