«Улукбек Марипов коопсуздук жана резиденциядагы жашоо чыгымдарын төлөшү керек» дейт депутат

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик коопсуздук жана мамлекеттик резиденцияда жашаган чыгымдарын төлөшү керек. Бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Марипов мамлекеттик күзөткө жана мамлекеттик резиденциядагы үйгө укугу жок болчу. «Улукбек Мариповду тогуз ай бою камсыздоо үчүн канча каражат кетти? Ким төлөйт? Биз Эсеп палатасына баарын текшерүүнү тапшырабыз. Болбосо, баары ушундай жашай алат экен», — деди депутат.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров өткөөл мезгилдеги өкмөт жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, Марипов мамлекеттик резиденцияда жашаганын айтты.