Улукбек Марипов Кувейттин эмиринин кеңешчисине Ошто онкология борборун курууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кувейт мамлекетинин эмиринин кеңешчиси, БУУнун башкы катчысынын атайын кеңешчиси жана эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдулла Маатук Аль-Маатукту кабыл алды. Анда тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде Кувейт тараптын колдоосу менен Кыргызстандын аймагында гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы маселени талкуулашкан. Абдулла Маатук Аль-Маатук кыргыз элин маанилүү окуя – өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, республикага мындан ары гуманитардык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Марипов Кувейт тарапка Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында ооруканаларды, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу сыяктуу ар кыл социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү, өлкөнүн калкынын аялуу катмарын колдоо боюнча иши үчүн ыраазычылык билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Кувейт тарапты Ош шаарына онкологиялык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштады«, — деп айтылат маалыматта.