Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Кечээ, 24-январда Мариповдун элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлиги парламенттик комитетте бир добуштан жактырылган.

Улукбек Марипов өткөн жылдын февраль-октябрь айларында өкмөттү башкарса, ага чейин 2016-2021-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы болуп турган.