Улукбек Марипов кызматында калды. Парламент анын аракетин жетишсиз деп тапты

Парламент министрлер кабинетинин республиканын аймактарында азык-түлүк бааларын турукташтыруу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча ишин жетишсиз деп баалады. Тийиштүү токтом бүгүн жыйында кабыл алынды.

Депутаттар Улукбек Мариповдун министрлер кабинетинин антикризистик программасы жөнүндө маалыматын угушту. Чиновниктер тарабынан көрүлгөн чаралар 71 эл өкүлү тарабынан жетишсиз деп табылды, каршы — 5. Министрлер Кабинетинин төрагасы депутаттарга ыраазычылык билдирип, жигердүү иштөө үчүн жетиштүү күч бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, эртең менен депутаттар Министрлер кабинетинин башчысына ишеним көрсөтпөө сунушун киргизишкен болчу.