Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин жаңы курамына өзүнүн негизги талаптарын угузду

Бюджеттик каражатты өз учурунда туура пайдалануу Өкмөттүн ишин пландоодо негизги талап болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 2020-жылдагы мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын жүрүшүндө Экономика жана каржы министрлигинин 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруу тууралуу баяндамасы, транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жоопкер мамлекеттик орган жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Маалым болгондой, 2020-жылы мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашырууга 18,6 миллиард сом каралган. Анын 15 миллиарддан ашыгы өздөштүрүлүп, иш 83% аткарылган. Бул алгач бекитилген планга салыштырмалуу болгону 67% түзгөн.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы акыркы алты жыл ичинде мамлекеттик инвестициялар линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү алсыз жүрүп жаткандыгы белгиледи. Тактап айтканда, өздөштүрүлбөгөн каражаттардын негизги бөлүгү транспорт, энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү тармактарга тийиштүү.

«Биздин ишибиздеги негизги бенефициар катары, бизден оңдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жаткан элибиз болуп саналат. Ошондуктан бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн», — деди Улукбек Марипов.