Улукбек Марипов «Минск трактор заводуна» барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Минск трактор заводуна» барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.

Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларусь тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди. Андан кийин төрага 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. Ошондой эле ал Чыңгыз Айтматов атындагы паркта болду.