Улукбек Марипов: «Татарстан эли менен биздин элдин тили, дини, маданияты, салт-санаасы жалпы саналат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү аракеттешүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашышкан. «Татарстан менен өз-ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санаасы жалпы саналат жана аларды чыңдообуз зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизерин белгиледи. Ошондой эле, ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу 10дон ашуун келишимдерге кол коюлгангандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында, Министрлер кабинетинин башчысы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстандын премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналарын белгиледи.