Жаңы өкмөт башчы болом деп жаткан Улукбек Мариповдун өмүр баяны

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеӊеште көпчүлүк коалиция өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карады. Жыйынтыгында анын талапкерлиги жактырылды.

Өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош шаарындагы техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча билим алган.

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис

Эмгек жолу:

1997-2001-жылдары — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

2001-2002-жылдары — Финансы министрлигинде жетектөөчү адис.

2002-2003-жылдары — Финансы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.

2003-2005-жылдары — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.

2005-2006-жылдары — Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты.

2006-2008-жылдары — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө талдоочу.

2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.

2010-жылы — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.

2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – Өкмөттүк аппараттын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин – Президенттин жардамчысы.

2015-жылы Улукбек Марипов Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келет.