Кыргызстандын Улуттук банкы 1-апрелде 50,2 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылат.
Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи ирет валюталык интервенция жасоодо. 28-январда банк 45,7 миллион доллар саткан, 4-февралда — 38 миллион, 11-мартта — 30,6 миллион, 25-мартта 43,7 миллион доллар саткан.
Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алчу курсу 4 тыйынга (84,72 сомго чейин) түшсө, сатуу мурдагы эле баада (84,9) калган.











