Улуттук банк 4 күндөн бери күн сайын долларды сатыкка чыгарууда

Улуттук банк 4 күндөн бери күн сайын долларды сатыкка чыгарууда. Банк сомду колдоо максатында интервенция жүргүзүүнү улантып жатат.

Бүгүн, 20-ноябрда 1,3 миллион доллар сатыкка чыгарылды. Айдын башынан бери Улуттук банк 5 жолу интервенция жүргүзүп, валюталык рынокко 53 миллион 300 миң долларды сатты. Жыл башынан бери 20 жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка 400 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылган.

Доллар соңку 4 жылдан бери 69 сомдун тегерегинде кармалып келип, ушул жылдын март жана октябрь айында анын курсу кескин көтөрүлгөн. Учурда доллар 84-85 сомдун тегерегин түзүп жатат.