Ишемби, 14.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Алтын сатып алыңыздар». Садыр Жапаров алдыдагы каатчылыктан кантип чыгуу керектигин айтты

15:48 28.02.2022
0
«Алтын сатып алыңыздар». Садыр Жапаров алдыдагы каатчылыктан кантип чыгуу керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, жакынкы арада улуттук валюта катуу кысымга кабылышы ыктымал экенин айтты.

Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат. Жакынкы арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Министрлер кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт. Азыр биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз. Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Мамлекетибиз менен элибиз азыр ынтымакта жашап жатат. Азыр эң башкы максат — элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз. Биз өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз.

Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк. Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коёюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар. Азыр казынабызда болгон акчабызды берип жатабыз. Эгер акчабыз жетиштүү болгондо быйыл эле баарыңарды камсыз кылат элек. Ушул жерден бир чындыкты айтып коюшум керек. Өлкөбүз эгемендик алганы биринчи жолу айыл чарбасына ушундай чоң суммадагы каражат бөлүнүп жатат. Биздин ишкерлерге өзүнчө кайрылгым келет, бизге азыр өндүрүштүк ишканаларды түзүү керек. Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек.

Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат. Экономиканын бир нече тармактарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жигердүү дем берүүдөн тышкары, жакынкы апталарда өлкө боюнча “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет. Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт. Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат. 1-апрелден баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөт. Эң башкысы — азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу. “Өлбөгөн жанга жаз да келет” деп ата-бабаларыбыз айткандай, жергебизге жаз да келди! Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашайбыз!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: "Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?"

10:18 13.03.2026
Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

16:23 13.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

10:04 13.03.2026
Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

16:23 13.03.2026
Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: "Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?"

10:18 13.03.2026
Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

10:08 13.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү