Улуттук банктын пайдасынын 90 пайызы бюджетке которулат

Жогорку Кенештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Алсак, бул конституциялык мыйзам долбоору Улуттук банктын пайдасын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине 90 пайыз өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Бул долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган.