«Ысык-Көлдө туулган». Улуттук банктын жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев тууралуу дагы эмне белгилүү?

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына шайлады. Жыйынга катышкан 95 депутаттын 76сы «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди.

Кубанычбек Бөкөнтаев 52 жашта. Ысык-Көл облусунун Светлый Мыс (азыркы Ак-Булуң) айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Ал Лениндик стипендиянын ээси, университеттер аралык экономика боюнча олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон. 

Эмгек жолун Улуттук банкта экономист болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин жеке секторго өтүп, бизнес менен алектенген. 1998-жылдан бери Кыргызстандагы коммерциялык банктарда ар кандай кызматтарда иштеген. 

2003-2006-жылдары Сорос-Кыргызстан Фондунда эксперт жана ПРООНдо, Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда PR-менеджер болгон. 2006-2010-жылдары Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Эки жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

2010-жылдан бери ал экономикалык серептерди түзөтүп келет. Андан кийин «Мамлекеттик лотерея компаниясы» ишкананын директорунун орун басары болуп иштеген.