Улуттук Энергохолдинг: «Казакстан электр энергиянын баасын жогору баалап жатат»

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 1 кВт саатына 2,4 центтен сатып алууну каалаган, бирок Казакстан баасын 2,9 цент деп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Депутат Эрмамат Тагаев: “Бишкек ЖЭБдин ишин жеңилдетүү жана айлана-чөйрөнү бузбоо үчүн электр энергиясын сатып алган жакшыбы?”,- деп сурады.

Б.Сыдыков Казакстан Республикасы мүмкүнчүлүктүн жоктугунан электр энергиясын берүүнү токтотконун эске салды.

«Биз электр энергиясын сатып алуунун үстүндө иштеп жатабыз, товар алмашуу алкагында 900 миллион кВт/саат электр энергиясына алдын-ала келишим түзүлгөн. Быйыл 900 миллион кВт / саат алабыз, бирок бул 900 миллионду 3 жылдын ичинде кайтарып беребиз. Бирок электр энергиясынын таза импорту боюнча бир пикирге келе албайбыз. 1 кВт саатына 2,4 цент эски келишимдин баасы. Биз бул сунуш менен барганбыз. Казакстан 2,9 цент деп жатат”,- деди холдингдин башчысы.

«Сүйлөшүүлөр аягына чыга элек»,- деди Сыдыков.

Тагаев: Бул жаатта иштеген башчы энергетиканы 5 колундай билиши керек. Эгер «Казактар ​​бербесе, орустарга чыгып кеткиле. Транзиттик линия бар, жазында Россияда электр энергиясы арзандайт ”,— деди.