“Улуту” деген графа ID-картага киргизилди

Буга чейин бир топ талаш жаратып келген “улуту” деген графа ID-картага киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койду. Мындан ары Кыргыз жарандары өз эрки менен идентификациялык картасына этностук таандыгын же улутун көрсөтө алат. Көрсөтпөй коюуга да болот.

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү ID-карта 2017-жылдан тартып бериле баштаган. Анда жарандын улуту тууралуу маалымат картанын бетинде көрсөтүлбөй, андагы электрондук чипте болчу. Мурдагы паспортто улуту ачык жазылчу.