«Унаа» мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Жокоев Рустам Жумаканович Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Буга чейин «Унаа» мекемесин Турусбек Түмөнбаев жетектеп келгенАл кызматтан 13-сентябрда алынган.

Рустам Жокоев 34 жашта, 2016-жылдан бери Каттоо системасында иштейт. Ал транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн, андан кийин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери болгон.