«Унчукпай турган туура эмес». Депутат Жогорку Кеңешти Украина боюнча пикирин билдирүүгө чакырды

«Украина менен Орусия боюнча парламент өз оюңуздарды билдирип койсоңуздар», — деди комитет жыйынында депутат Коргонбек Жусупбек уулу. 

«Тынчтык жолуна чакыралы. Себеби 70 жыл Украина, Орусия менен бир мамлекетте СССРде жашаганбыз. Эки эл тең боордоштор. Унчукпай туруп берген туура эмес нерсе. Мен ушуну сунуш кылат элем. Качкындар болуп жатат. Андыктан өз оюбузду билдирип коёлу», — деди ал.

Кечээ, 21-февралда Владимир Путин өздөрүн «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп жарыялаган аймактарды Орусия көз карандысыз деп тааный турганын билдирди.