Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким келди?

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урмат Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Ал эми Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Тескемеге өлкө башчы кол койду.