Мэр болуп шайланган Урмат Самаевдин ордуна Жогорку Кеңешке ким депутат болот?

Бир күн мурун Токмок шаарынын мэри болуп шайланган Урмат Самаевдин ордуна бош турган депутаттык мандатты ким алары белгилүү болду. БШК депутат болууга ыктымал талапкерди атады.

«Кыргызстан» партиясынын тизмесине ылайык, бош орунга 38 жаштагы Канатбек Ахмедов талапкер экени көрсөтүлгөн. Ал Урмат Самаевдин ордуна мандат ала алат.

Канатбек Ахмедов 2016-жылдын ноябрына чейин ошол эле фракциянын экс-депутаты Чолпон Султанбекованын жардамчысы болгон.