USAID Кыргызстанга вакцина сактоочу муздаткычтарды алып берүүнү сунуштаган эмес

USAID Кыргызстанга вакцина сактоочу муздаткычтарды алып берүүнү сунуштаган эмес. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан туура эмес маалыматы үчүн кечирим сурайт. USAID Кыргызстанга вакцина сактоочу муздаткычтарды алып берүү сунушун киргизген эмес. Саламаттык сактоо министри адашкан”, — деп жазды Сурабалдиева.

Кечээ, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев USAID 1 миллион 200 миң дозага ылайыкталган муздаткычтарды жана шприцтерди бекер бермей болгонун айткан болчу.