Ушул аптада БШК жаңы парламент депутаттарына мандатын тапшырат

15-декабрда Шайлоо жана шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын чыгарган.

«Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын жана талапкерлердин арыздарын каттоо үчүн текшерет. Бул процедура шейшемби же шаршемби күнү аяктайт. Андан соң белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү башталат», — деп билдиришти БШКдан.

БШКдан белгиленгендей, жетинчи чакырылыштын биринчи жыйыны ушул аптада болушу мүмкүн.