«Ушунчалык уяты жок адам экен». Аида Касымалиева Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу эмне деди?

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо жаатындагы бир канча маселелер каралды. Алардын арасында вакцинация да бар. Вице-спикер Аида Касымалиева саламаттыкты сактоо министрине болгон нааразычылыгын билдирди.

«Вакцинанация маселеси бул министрдин жана штабды башкарган жетекчиликтин шалаакылыгы. Силер алдап жатасыңар. Мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Ошол жумушту силер жакшы аткарган жоксуңар. Адамдардын өлүмүнө министрдин күнөөсү түздөн-түз бар. Уу-коргошун деп туруп алды. Дагы бир нерсе… Оору жуктурду дагы кайра отурат иштеп. Бул шалаакылык. Ушунчалык уяты жок адам экен. Уу-коргошун деп канча башты айлантты. Уу-коргошун болсо, анда оорубаш керек эле», — деди ал.