«Уулума деп алынган оюнчук болчу». Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңешке алып барган муляж автомат тууралуу айтты

«Ал курал муляж болчу», — деди СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйындар залына курал алып киргени тууралуу комментарий берип жатып.

«Оюнчук болчу. Айдоочу алып кетти. Уулумдун туулган күнүнө деп алынган», — деди ал. Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жыйындар залынан куралга (Калашников автоматы) окшош буюм менен чыкканын жазышкан.