Василий Дашков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен кетти

«УК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Сереп Медиага Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Дашков премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен иштен кеткен.

Василий Дашков «Кыргыз темир жолуна» өткөн жылдын 11-апрелинде жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин мамлекеттик ишкананын жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп келген. Темир жолдо 2006-жылдан бери эмгектенип келген.