Венгрия Кыргызстандын вакцина алуусу жөнүндө паспортторун таанууну чечти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Маектешүү жүрүшүндө Петер Сийярто венгер тарап Кыргыз Республикасынын вакцина алуусу жөнүндө паспортторун таанууну чечкенин кошумчалады. Муну менен эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат. Мындан сырткары ал 2022-жылы Будапешт-Бишкек түз аба каттамы ачыларын билдирди.