Вице-мэр Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматтарга караганда, бүгүн, 9-ноябрда ал эмгек жамаатка тааныштырылган.