Вице-премьер Максат Мамытканов чектеш аймактардагы курулуш иштеринин кармалуусун сындады

Вице-премьер Максат Мамытканов өзгөчө макамга ээ болгон чектеш аймактардагы калктын турмуш-тиричилигин камсыздаган объекттердеги курулуш иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Буга чейин Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Мамытканов коопсуздукту камсыздаган, анын ичинде Лейлек жана Баткен райондорунда жайгашкан чек ара заставаларындагы объекттерди барып көргөн. Кыдырып чыгуу жыйынтыгы боюнча Мамытканов белгилегендей, финансылык каражаттар бөлүнүп берилгендигине карабастан, айрым объектилердин курулушу узак убакытка созулууда.

«Стратегиялык жактан маанилүү объектилердин курулушунун создуктурулушуна жол берилбеши керек. Финансы каражаттары бөлүнгөн, бирок айрым объектилер боюнча 2012-жылдан ушул мезгилге дейре курулуш иштери 50 пайызы да аткарылган эмес. Айрым жетекчилердин мындай шаалакылыгы катаал чараларды көрүүгө аргасыз кылат”, — деди Мамытканов.

Көрсөтүлгөн маселелерди тыкыр талкуулап чыккан соң, жооптуу мамлекеттик органдар аныкталып, тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү белгиленди.