Вице-премьер: «Президенттик шайлоо мүмкүн болушунча таза өтүшү керек»

Бүгүн, 19-ноябрда вице-премьер – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштуруу боюнча  Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамыткановдун басма сөз жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ал шайлоону өткөрүүнү уюштуруу, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча жооп берди.

Кечээ, 18-ноябрда вице-премьер Максат Мамыткановдун төралыгында президенттик кезексиз шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өткөн. Вице-премьер штабдын жыйынын ачып жатып, шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи.

Андан кийин Республикалык штабдын тең төрагасы болгон Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берген. Ал белгилегендей, кезексиз президенттик шайлоо учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл буруу керек.

Вице-премьер белгилегендей, бардык маселелер биргеликте жана тез арада чечилиши керек. «Биз бардык аткаруу бийлик органдарынын координацияланган ишин көрсөтүшүбүз керек. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Биздин ишибиз азыр коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө. Өлкөнүн ар бир жаранынын шайлоо укугу толугу менен жүзөгө ашырылышы керек», — деди Максат Мамытканов.