Вице-спикер Абыкеевге: «Президенттин жанында алдамчы, калпычы кишилер жүрбөшү керек»

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевге 2020-жылдагы Октябрь окуясында орун алган окуялар боюнча суроолорду узатты.

— Комитеттин жыйынында «ушул депутаттар 2020-жылы 4-октябрда төңкөрүш болгондо бир ай жок болду» деди. Ошондой депутаттар жок болгон учурда биз курултайдын делегаттары иш алып барарын айтты. «Президент болобу же башкабы көпүрө биз болушубуз керек» деди. Азыр сиз кайсы жерде иштейсиз?
— Мени билесиз да, мен президенттин кеңешчисимин.
— Жок, билбейт экенмин. Жогорудагы сөздү сиз айтыптырсыз.
— Жок, мен айткан эмесмин.
— Бир ай депутаттар кайсы жакта качып жүрдү?
— Аны мен айткан жокмун. Аны Бейшенбек Абдразаков айткан болчу.
— Президенттин жанында алдамчы, калпычы кишилер жүрбөшү керек. Чын айткан, бетке айткан кишилер жүрүшү керек. Сиз ошондо 4-октябрда кайсы жакта жүрдүңүз эле? Айта албасаңыз, 5-октябрда «Достук» мейманканасында 6-чакырылыштын депутаттары чогулганбыз, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Минтип жалаа жапканды токтотуңуздар, — деди депутат.