Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү жаатындагы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна добуш беришти.
Депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев кайрадан добуш бербей, добуш берүүнүн жүрүшүнө нааразылык билдиришти. Ал эми Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов эки депутаттын нааразычылыгынан улам маселени добуш берүүдөн алып салууну суранды.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бири-бирин сыйлоого чакырды. «Каршы» же «макул» деген добуш бергиле. Эгер биз иштей албасак, тарап кетеличи. Иштей албайт окшойбуз. Тизме түзөлү. Мен биринчи мандат тапшырганга турайын. Иштесек түшүнүшүп иштейли, болбосо, тарап кетели. «Бүтүн Кыргызстан» саботаж кылып отурат. Анда компьютерин өчүрүп салалы. Демек, булар бизди сыйлабайт», — деди ал.