Вице-спикер Мирлан Бакиров: «АКШнын элчиси парламенттик комиссияга да шек келтирип жатат»

“АКШнын элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат”. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында айтты. Ал элчиге дипломатиялык мыйзамдарды сактоосуна сунуш берди.

Бакиров 700 миллион долларлык журналисттик иликтөөлөр тууралуу да токтолуп, ал иш боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн эске салды. “Парламенттин комиссиясына да шек келтирип жатат”, — деди депутат.

Вице-спикер элчинин партия тууралуу “кайдан-жайдан пайда болгон” дегенине да жооп кайтарды. “Мекеним Кыргызстан” 2015-жылы катталган, бир топ шаардык кеңештерге катышып, ийгилик жаратып келген партия”, — деди Бакиров.

Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 1-катарда соңку шайлоого катышканы маалым. Аталган партия менен “Биримдик” партиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, 40тан кем эмес мандатка тете добуш алганы үчүн 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында нааразычылык митингдери башталган. Бул окуялардын жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулган.