Вице-спикерликке «Ата мекен» да талапкер алып чыгат

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бүгүн парламенттин жыйынында расмий түрдө вице-спикерликтен кеткенин билдирди. “Эгерде кимдир бирөөнү капа кылып алсам, кечирим сурайм”, — деди ал.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы анын ордуна төраганын орун басарлыгына Уланбек Исмаиловду көрсөтөт.

“Ата мекен” фракциясы да өз талапкерин көрсөтүү ниетинде. Экинчи оппозициялык фракция Нурбек Сыдыгалиевдин талапкерлигин вице-спикерликке карап жатат.