Виза маселеси көтөрүлдү. Депутаттар АКШнын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңештин АКШ жана Канада менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Эмил Токтошев баштаган депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Балбак Түлөбаев жана Карим Ханджеза Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Виза маселесине өзгөчө көңүл бурган депутат Эмил Токтошев жаштардын АКШга билим алуу жана туристтик максатта барууга кызыгуусу жогору экендигине токтолду. “Тилекке каршы, биздин жарандар виза алууда бир катар көйгөйлөргө туш болууда, атап айтканда, баш тартуулар көп кездешет. Буга байланыштуу мен виза алуу түйшүгүн жеңилдетүү өтүнүчүн билдирем”, — деди Эмил Токтошев.

Өз кезегинде виза маселесине кеңири токтолгон Лесли Вигери жакында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына бул багытта кайрылганын, Вашингтондо Кыргызстанга визанын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып жатканын белгиледи.