Владимир Путин: «Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн андан көз каранды болгондун баарын жасайт»

Бүгүн, 24-майда Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыккандай, Путин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга карата Орусия кылдаттык менен көз салууда. «Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн андан көз каранды болгондун баарын жасайт. Эки мамлекеттин ортосундагы маселени чечүүнүн узак мөөнөттөгү ыкмасын табуу керек», — деди Орусиянын президенти. Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле ийгиликтүү өнүгүп жатат.