Володин “Кыргыз жарандары орус тилди жакшы билгени үчүн Орусияда ишке оңой орношот” деди

Эки тараптын жолугушуусу тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасы төмөндөгүдөй маалымат таратты. Пандемияга байланыштуу аба каттамдарына киргизилген чектөөлөр боюнча Вячеслав Володин профилдик комитеттерде кенен талкуулоону сунуш кылды. Орус тилинин расмий макамы жөнүндө да маселе көтөрүлүп, Володин Кыргыз жарандарына Орусияда ишке орношуу жеңил экенин айтты. “Кыргыз жарандарынын күчтүү жагы бул – алардын башкаларга салыштырмалуу орус тилин жакшы билгенинде”, — деди ал.

Володиндин айтымында, Орусия үчүн Кыргыз мамлекети күчтүү жана эгемен өлкө болушу маанилүү. Ал “келечек – интеграцияда жана кайсы өлкөлөр менен интеграцияда болуу келечектүү экенине кароо керек” деди. Анын баамында, интеграция жөнүндө сөз баштаган айрым мамлекеттердин саясатчылары АКШ жакты кылчактап карайт, ал эми оор болуп калган учурларда Орусияга кайрылышат.
Ал эми Талант Мамытов жолугушуунун аягында Вячеслав Володинди Кыргыз мамлекетине сапары менен келүүгө чакырды.