«Вы никто!». Текебаев Жапаровдун адамына ушул сөздү 4 жолу кайталап айтты

«Вы никто!». Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун адамына ушул сөздү 4 жолу кайталап айтты. Жогорудагы сөз кечээ, 18-ноябрда «Азаттыктын» берүүсүндө айтылып, азыркы тапта социалдык тармакта кызуу талкуу болуп жатат.

Берүүгө катышкан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуевдин айтымында, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору 80 депутат.

Буга байланыштуу депутат Өмүрбек Текебаев мындай деди: «Бүгүнкү Баш мыйзамга ылайык, конституцияга өзгөртүү жана түзөтүү киргизүү демилгеси 80ден кем эмес депутатка таандык. 10 депутат, президент же өкмөт мындай демилгени киргизе албайт. 80ден кем эмес депутат гана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе алат, өзгөртүү! А сиздер өзгөртүүнү эмес, жаңы Конституцияны киргизип жатасыңар. Референдум тууралуу мыйзамда «жаңы конституцияны кабыл алат» деген сөз жок. 80 эмес, 120 депутат да жаңы конституцияны кабыл алганга демилге кыла албайт. Бир гана өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Буга кошумча өзгөртүү киргизүү учурунда Конституциялык палатадан уруксат суроо керек. А силер палатага кайрылган жоксуңар. Анткени Конституциялык палатада азыр кворум жок, алар жакынкы бир айда иштебейт. Ал жакка кайрылышса, 10-январга үлгүрбөй калышат. Булар мыйзамды бузуп, зордук менен, алдамчылык менен парламенттен алып өтөбүз деп жатышат».

Зулпуев «Анда эмне жаңы Баш мыйзам кабыл ала албайбызбы? Элдин укугу эмне болот?» деп суроо салды.

Суроого Текебаев төмөндөгүдөй жооп узатты: «Өзгөртүү жана түзөтүүлөр аркылуу азыркы Баш мыйзам менен жашашыбыз керек. Силер эч ким эмессиңер. Орусча айтканда, вы никто! Вы никто! Анан каалагандай кылып жасай беребиз, мыйзамды буза беребиз дегидей, вы никто!».

Андан ары депутат жаңы Баш мыйзамды киргизүү азыркы мыйзамга каршы келерин, референдумга бир гана өзгөртүү киргизүү тууралуу маселени алып чыгууга болорун айтты. «Сен Жапаров менен Ташиевди алдашың мүмкүн, бирок юристтерди, тарыхты, элди алдай албайсың. Силерге окшогондордун айынан… Бакиев кайда? Жапаровду ошол жолго түртүп жатасың», — деди Зулпуевге карата Текебаев.

Буга чейин Бектур Зулпуев ошол кезде президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаровдун жарлыгы менен президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалганда коомчулукта «Бакиевдин юристи кызматка келди» деп сынга алынган.