Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоого добуш берүү саат 12:00гө карата 12,47 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 77 миң 26 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 12,47 пайызын түзөт.
Бишкекте – 39 миң 271 шайлоочу шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,2 пайызы;
Ош шаарында – 30 миң 940 шайлоочу добуш берди, бул 20,26 пайызды түзөт;
Токмок шаарында — 6 миң 815 шайлоочу катышты, бул 17,89 пайызды түзөт.












