Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров кызматын тапшырды

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, кийин үй камагына чыккан Руслан Бекназаров кызматын тапшырды. Бул тууралуу өзү социалдык тамактагы баракчасында жазды.

«Кызматымды өз арызым менен тапшырып бердим. Бишкек шаардык мэриясына, Свердлов районунун акимиатына, жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Аз болсо дагы чын ниетимден кызмат кылдым», — деп жазды ал.

Руслан Бекназаров буга чейин Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.